Чүй облусунун Жайыл районунда киши өлтүрүүгө шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 4-февраль күнү Жайыл РИИБине Бишкектин жашоочусу Э.Э. аттуу аял телефон чалып, анын Кара-Балта шаарында жашаган 68 жаштагы апасы Э.Ж. бир нече күндөн бери байланышка чыкпай жатканын билдирген.
Көрсөтүлгөн дарекке милиция кызматкерлери барган учурда үйдө ал аял жок болгон. Издөө учурунда Кара-Балта шаарындагы көчөлөрдүн биринен аял кишинин жансыз денеси арыктан табылып, ал жогорудагы аял экендиги такталган. Кароо учурунда андан дене жаракаттары аныкталып, киши колдуу болгондугу такталган.
Аталган факты Жайыл РИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "киши өлтүрүү" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Окуя болгон жерди кароо учурунда каза болгон аялдын эки телефону жоголгону такталган.
Кылмышка шектелип 39 жаштагы А.Р. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүп берилген. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.