Тегеран шаарында Кыргыз өлкөсүнүн Ирандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Турдакун Сыдыков менен Ирандын улуттук нефтихимиялык компаниясынын жетекчиси Мортеза Шахмирзаи жолугушту. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Агы ылайык, жолугушуу "Иран Пласт 2022" эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында орун алган.
Жолугушуунун жүрүшүндө Сыдыков Ирандын мунай-химия тармагындагы көрүнүктүү жетишкендиктерин белгиледи.
Ошондой эле бул жаатта өз ара пайдалуу кызматташуунун мүмкүн болгон багыттары, анын ичинде айыл чарбасынын жана өнөр-жайынын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн Кыргыз өлкөсүнө минералдык жер семирткичтерди жеткирүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.
Өз кезегинде Мортеза Шахмирзаи Ирандын мунай-химиялык өнөр-жайынын потенциалы өлкөнүн ички керектөөлөрүн канааттандырууга жана башка өлкөлөргө экспорттоого мүмкүнчүлүк түзөрүн айтты. Мындан тышкары ал бул багытта жемиштүү кызматташууга даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында, эки тарап мунай-химиялык өнөр-жайынын түрдүү тармактарында кызматташууну өнүктүрүү боюнча макулдашты.