Бишкектеги жаңы конуштардын тургундарына турак жайы үчүн 1 556 техникалык паспорт берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кадастр" мамлекеттик ишканасынын маалыматы боюнча, Жер-Ынтымагы, Ала-Тоо, Дордой, Арча-Бешик, Керамик, Төкөлдөш, Ак-Ордо, 2-Черепки, Кара-Жыгач, Тынчтык, Учкун конуштарынан кайрылуу түшкөн.
Эске салсак, техникалык паспортторду берүү боюнча мобилдик топтор 7-декабрдан тарта ишин баштаган.
Көчмө бригадалары өз алдынча турак жай курулган жер тилкелерине изилдөө жүргүзүп, андан соң техникалык паспорт даярдашат.