Ошто курсанттар жөө жүрүүчүлөргө жолдогу өтмөктөрдөн кантип өтүү керектигин түшүндүрүштү

Ош шаарында «Көңүл бургула, балдар!» аталышындагы рейд өттү. Бул тууралуу Ош шаары боюнча милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүүнү үйрөтүү боюнча «Көңүл бургула, балдар!» аталышындагы рейд 8-9-февраль күндөрү жүрүп, ага авто мектептин окуучулары, мектеп окуучулары, Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматынын техникалык кызматкерлери катышты.

Эки күндүк рейддин жүрүшүндө курсанттар жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдөн кантип өтүшү керектиги боюнча калк жыш жайгашкан аймактарда элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Шаардагы авто мектептерде окуган курсанттар милиция кызматкерлери менен биргеликте калк жыш жайгашкан аймактардагы өтмөктөрдөгү кырсыктарды болтурбоо үчүн элге түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Өтмөктөн кантип өтүү керектигин практика жүзүндө көрсөтүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан