Жакут Сыдыков жол кырсыгына кабылып, экинчи унаанын ээсине ыраазычылык билдирди

Куудул Жакут Сыдыков жол кырсыгына кабылганын, Фейсбук баракчасына жазды.

Анда жаңы жол тандабас унааны сүзүп алганын, анын ээси чыр кылып, акча талап кылуунун ордуна тамак алып берип сыйлаганын жазды.

“Кечээ аппак, жаңы Лексус 570 сүзүп алгам. Паспортумду таштадым, күн батып бараткан. Бүгүн чакырды жолуктум. Барсам паспортумду берип, "кечээ кеч кирип кетти эле, бүгүн күндүз жолугалы дегем" деп жылмайды.

Түшүнбөй калдым, кана машина, унаа оңдоочу жайга алып барып эрте бүтүрөлү десем, “машинаны сен жасамак белең, биз жасайбыз. Унаа оңдоочу жайга киргизип койдук жасап жатат” деди. Анда акчасын берейин десем, “акчаны эмне кыласың? Жүрү, тиги "Беш бармакка" барып тамак жейбиз” дегенде, крышам тайып кетти. Бардык, барсак “сен элдин эрке уулусуң, биз бири-бирибизди сыйлап урматтоого милдеттүүбүз” деди. Сен бизге бүгүн конок бол деп эки дос бабалардан калган баалуу, даамдуу тамактарды алдыма тартышты.

Түшүнсөм өлөйүн, алар менин унаамды сүзүп алгандай сый көрсөтүштү. Көрсө алар ошондой жигиттер экен. Жашоолору жакшы, бай, бардар, болгону карапайым, адам ылгабаган, баарын бирдей көргөн, колу ачык, жолу да ачык жөнөкөй, кыргыздын мыкты үлгүлүү жигиттери экен.

Ошентип түндө унааны оңдоого деп ала чыккан акчам үйгө, бир пакет самса менен кайра келди. Мен ыраазымын. Аллах ыраазы болсун. Артисттер жаман элеңер интернетке чыгарып жибербегиле деп тамаша-чыны айтты эле. Бирок мен артисттигим кармап жазып жибердим. Бирок аттарын атаган жокмун. Мындай кубаныч жүрөккө батпай койду. Досторум, силерге кубанычымды бөлүшүп жибердим.

Аксынын азаматтары экен. "Красавчиктерим" менин”, - деп жазды куудул.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bayern-munchen
2022-02-10 10:22:40
Беш кол барабар эмес ото жакшы инсандар бар арабызда
+7
AdylbekB84
2022-02-10 11:40:47
Мына ошолордой кичи- пейил инсандар бар үчүн дүйнө кармалып турат! Ата- энесине рахмат, ушундай тарбия берген!
+5
munduz2016
2022-02-10 14:06:48
Фейсбуктан да окудум эле.Жакшы инсандарга кабылыпсың да Жакут.Аллах раазы болсун алардан.
+5
Tyttty1990
2022-02-10 15:33:03
Дүйнөдө Азан токтогондо , келмени бир да адам айтбай калганда жана жерде жакшы адамдар калбай калганда кыямат башталат. Кудайга шүгүр уучубуз куру эмес экен.
Азамат жигиттер экен ким болсо да. Аллахым пендеге жалдыратпасын, пендеге көр кылбасын.
+2
Shanson
2022-02-10 20:51:36
Окуп, жүрөгүм толкуп кетти го!
Ушундай кең пейил азаматтар да бар экен.
Үлгү, өтө жакшы үлгү.

Болбосо, мындай жерде башка адам Жакуттун терисин тескри сыйрып, болушунча акча сыгып алмак да..
+2
Alixan-Nookat.2015
2022-02-10 23:26:47
Азамат жигиттер экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан