Допингге шектелип жаткан орусиялык көркөм муз тебүүчү Камила Валиева Олимпиада оюндарына катышууну улантат. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, Валиева Олимпиададан четтетилген эмес жана буга чейин машыгуу өткөрүүгө жетишкен. Валиева 16 жашка чыга элек, андыктан антидопинг эрежелерин бузуу фактысы боюнча сот процесси өзгөчө режимде өтүп, ага жактоочулардын катышуусу талап кылынат.
Эске салсак, буга чейин Камила Валиеванын допинг-тести күмөндүү болуп чыкканы тууралуу маалымат чыккан.