Баткенде спирт ичимдиктерин алып бара жаткан аткезчилер кармалды

Баткенде спирт ичимдиктерин алып бара жаткан аткезчилер кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Баткен» бажысынын кызматкерлери Кадамжай шаарында Исфана-Баткен-Ош унаа жолунда бара жаткан Мерседес-Бенц Спринтер унаасын текшерген. Анда унаанын жүк салынуучу бөлүгүндө ар бири 450 миллиграмм 5952 банка, этил спиртин камтыган "Ягуар” аз алкоголдук ичимдиги табылган.

Жүк ЕАЭБ бажы аймагында андан ары сатуу үчүн товар коштоочу документтери жок жана Кыргыз Республикасынын акциздик маркалары жок болгон.

Тийиштүү документтер топтолуп, Баткен облусунун прокуратурасына өткөрүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан