Бишкекте жол инспекторун сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Бишкекте Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерин сүзүп качып кеткен адам кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 9-февралда саат 11:00дөр чамасында Айтматов жана Жаманбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда белгисиз айдоочу Тойота Витс унаасы менен милициянын кайгуул кызматынын инспекторун сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Милициянын кайгуул кызматынын инспектору ар кандай жаракат алып ооруканага жеткирилген.

Издөө иштеринин алкагында, Тойота Витс унаасы табылып, ээси аныкталган. Айдоочу кармалып, сотко чейинки өндүрүш ачылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан