Бишкектеги ооруканада каза болгон жарандын жакындары үч айдан бери табылбай жатат. Милиция жардам сурайт (абайлаңыз сүрөт)

Бишкек шаарындагы ооруканада каза болгон жарандын жакындары 3 айдан ашык убакыттан бери табылбай жатат. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 2021-жылдын 23-октябрында Бишкектеги Тыныстанов көчөсүндөгү үйдүн жанынан болжол менен 75-80 жаштардагы аял табылып, "Тез жардам" менен Улуттук хирургиялык борборго жеткирилип, ооруканадан өзүнө келбей каза болгон.

Бул факты реестрге катталган.

Жакындары табылбай жаткан жарандын өзгөчө белгилери: Бою 150-155 сантиметр, арык дене түзүлүштө, чачы узун. Курсагында 4-5 сантиметр тырык бар, үстүңкү жаагында тиши жок, астыңкы жаагында 4 тиши бар. Мезгилге жараша кийинип жүргөн.

Милиция жогорудагы жарандын аты-жөнүн тактоого жардам сурайт. Сүрөттөгү аял тууралуу маалыматы бар адамдар төмөнкү телефондорго кайрылса болот.

Байланыш телефону: 0 (312) 352-605, 0 (705) 450-553, 0 (553) 102-465, 0(551) 088-330 жана 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Rahim76
2022-02-10 12:25:22
Туугандарын,балдары болсо Россиядан издегиле.Таштап кеткен да.
+1
Bishkek-Kg
2022-02-10 16:15:54
Байкуш ташталганда, анын уул кыздары уже европа, акшда жүрүшөт, муну менен иши деле жок!!!
0
surgeon777
2022-02-10 17:12:16
Фейсбукка чыгарсанар тез табылат го,
Эхх эне...убагында кыз-баланды бапестеп,баардык куч-кубатынды жумшап,жаштыгынды берип чонойтуп жатканда ушундай олум кутуп турат деп ойлодун бекен..аянычтуу тагдырлар коп.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан