Шорт-трек боюнча Пекин Олимпиадасына катышкан казак спортчусу Денис Никиша Олимпиададан дисквалификацияланды. Бул тууралуу казак басылмалары жазды.
Маалыматка ылайык, 1500 метр аралыкка жарышууда Денис Никиша жыгылып кетип, нидерландылык спортчу Ицхака де Лаатаны сүзүп жыгылткан. Мындан улам казак спортчусу кагылышууну уюштургандыгы үчүн Олимпиада оюндарынан дисквалификацияланган.
"Бардык машыгуум 500 метрге багытталган, 1500 метрге жарышуу оңой эмес болчу. Мен бул дистанцияга көнүп, толук жоопкерчилик менен баштагам. Бул Олимпиада оюндары. Тилекке каршы, туура эмес учурда ашып өтөм деп, кулап кеттим", - деген Никиша.