Кадамжайда өспүрүмдөр үйдөн 100 миң сом уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинен маалымдашты.
Ага ылайык, Кадамжай районунун 42 жаштагы тургуну Ы.А. 1-февралда жергиликтүү милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылып, үйүнө белгисиз адамдар кирип, шкафтын ичинде турган 100 миң сом акчасын уурдап кеткендигин билдирип, мыйзам чегинде тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. Бул арыз Кадамдай РИИБине Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси "уурулук" менен катталып, иликтөө иштеринин жүрүшүндө жогорудагы кылмышка шектелип 15 жаштагы жана 12 жаштагы жергиликтүү тургундар кармалып, тергөөгө алып келинген. Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.