Уюлдук телефон уурдады деп шектелип 23 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 17-январь күнү саат 04:30дар чамасында Ч.А. аттуу адам милицияга арыз менен кайрылган. Анда бейтааныш кыз андан бирөөгө байланышуу үчүн уюлдук телефонун сурап, iPhone 12 Pro Max үлгүсүндөгү телефонун алганын, бирок кайра кайтарып бербей качып кеткенин жазган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында аталган кылмышка шектелип 1999-жылы туулган Н.Н. аттуу кыз кармалган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Эгер сүрөттөгү кыздан жабыркагандар болсо, төмөнкү номерлерге кабарлап коюусун милиция кызматкерлери өтүнөт:
102
0 502 600900;
0 557 292329.