Буга чейин чет жана жергиликтүү басылмалар Орусиядагы маркетте орун алган кылмышка шектүү катары кыргыз жана тажик жарандар кармалганын жазып чыгышкан. Өлкөнүн Орусиядагы элчилигинен SUPER.KG порталына төмөнкүдөй маалымат билдиришти.
"Кыргыз өлкөсүнүн ЖМКларында, 9-февралында Москва облусунун Истра шаарында "Пятерочка" дүкөнүнүн сатуучусун тоноо жана өлтүрүү фактысы болгондугу тууралуу маалымат жарыяланганына байланыштуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги Кыргыз жарандарынын бул кылмышка тиешеси жоктугун расмий түрдө билдирет. Элчилик жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана социалдык тармактардын колдонуучуларын такталбаган маалыматтарды таратпоого жана расмий маалыматка гана таянууга чакырат", - деп билдиришти элчиликтен.