Бишкекте окуучулар үчүн коомдук транспорттогу жол кире арзандашы мүмкүн

Бишкекте мектеп окуучулары үчүн коомдук транспорттогу жол кире арзандашы мүмкүн. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңештин жыйынында мэриянын шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Максат Нусувалиев билдирди.

Анын айтымында, жогорудагы маселени чечүүгө 3-4 ай убакыт керектелет.

"Муниципалитет айтылган маселе боюнча иштерди жүргүзүп жатат. Документтерди даярдоо иштери башталды. Анализ жүргүзүп, Экономика министрлигинен бекетишибиз керек", - деди ал.

Белгилеп өтсөк, борбор калаада жүргүнчүлөр маршруттук таксилерге 15 сом, троллейбус, автобуска 11 сом жол акы төлөйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mularamov
2022-02-10 19:03:15
Каникулда арзандайбы.
Бааны которгондо министр дебей эле озунордун чечиминер менен котордунорго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан