Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМК Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарынын жана саламаттыкты сактоо тармагындагы башка ведомстволордун кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин абийирсиз аткаруусун жана коррупциялык көрүнүштөрүн аныктап таап чыкты.
"УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштын негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, аталган мекеменин кызмат адамдары тарабынан жеке ишкерликтин субъекттерине карата пайда көздөө максатында көзөмөлдөө иш милдеттери системалуу түрдө аткарылган эмес. Ошол эле учурда 9-февралда Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, кылмышка шектүү катары О.С. кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча керектүү тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.