Оштогу "Кыргызстан" кинотеатрына куудул Рахман Разыковдун ысымы ыйгарылды

Оштогу "Кыргызстан" кинотеатрына Рахман Разыковдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда Ош шаардык кеңештин сессиясында айтылды.

Анда "Кыргызстан" кинотеатрын куудул Рахман Разыковдун ысымына өзгөртүү сунушу айтылды. Жыйынтыгында 33 депутат макулдугун берип, 3 депутат каршы добушун берген. Токтом толугу менен кабыл алынды.

Куудул, сатирик Рахман Разыков 1955-жылы 12-майда Ош облусунун Кара-Суу райо­нунун Таширов колхозунда азыркы Савай айылында төрөлгөн.

Кичинекей кезинде 3 мектеп которгон. 10-классына чейин аккордеондо ойноону үйрөнгөн. Студент кезинде бул өнөрү менен жетекчиликке чейин көтөрүлүп, "Таң жылдызы" деген топту негиздеген. Кийин “Бешилик”, “Беш кемпир" топторун түзгөн.
Ал 2021-жылдын 7-июнунда 66 жаш курагында дүйнө салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
NURSAPAR
2022-02-10 19:55:55
Жакшы жаңылык.
+2
surgeon777
2022-02-10 20:55:06
Жайы жаннаттан болсун...
+3
IOA
2022-02-11 01:05:45
Туура чечим
+2
nargiz-sa
2022-02-11 15:04:25
Тирүү болгондо бул киши адилетсиздиктин курмандыгы болуп куугунтукка алынмак, тирүүсүндө көрбөгөнсыйды өлгөндө көрсө күнүн башкалар эле көрөт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан