БШК "РСК Банк" ААКны жана "Айыл Банк" ААКны 10-апрелде өтө турган кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн талапкерлердин, саясий партиялардын фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана шайлоо өнөктүктөрүн каржылоо үчүн банк мекемелери катары аныктады. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтына жарыяланды.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамынын ченемдерине ылайык БШК төмөнкүлөрдү эске салат:
- жарандар айылдык кеңештерге өзүн-өзү көрсөткөн учурдан тартып, өздөрү же ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу саясий партиялар айылдык кеңештерге талапкерлерди көрсөткөн учурдан тартып каттоого документтерди бергенге чейин шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу шайлоо фонддорун түзөт;
- шаардык кеңешке талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия өзүнүн шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн саясий партиянын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо комиссиясы тарабынан катталгандан кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоо фондун түзөт.
- Шайлоо фондун түзүүчү бардык акча каражаттары банк же башка мекемедеги атайын эсепке которулат. Ал эсеп тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын уруксаты менен талапкер, саясий партия тарабынан ачылат.
- Каттоо үчүн талапкер, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия шайлоо фондунун атайын эсебинен БШКнын депозит эсебине шайлоо күрөөсүн которот. Шайлоо күрөөсүнүн суммасы: айылдык кеңештин депутаттыгына талапкер үчүн – 1000 сом, шаардык кеңештин (Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо) депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партия үчүн – 20 000 сом.
Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
- талапкердин өз каражаттарынын, алар 50 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;
- саясий партия тарабынан бөлүнгөн каражаттарынын, алар 100 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;
- жеке жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын ар бири 50 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;
- юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү 50 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес.
Шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен талапкердин чыгымдарынын чектелген суммасы 500 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес.
Шаардык кеңештердин (Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо) депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:
- талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкердин өз каражаттарынын, алардын өлчөмү 50 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;
- саясий партиянын өз каражаттарынын, алардын өлчөмү – 500 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;
- жеке жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү – 100 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес;
- юридикалык жактардын кайрымдуулуктарынын, алардын өлчөмү – 200 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес.
Шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен саясий партиялардын чыгымдарынын чектик суммасы 500 000 сомдон ашышы мүмкүн эмес.
Айылдык кеңештерге депутаттарды шайлоо 2022-жылдын 10-апрелинде жекшемби күнү өтөт.