Бишкек шаардык кеңеште Травматология, ортопедия борборун кайра түзүү боюнча кырдаал каралды

Бүгүн, 10-февралда Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетика комплекси, транспорт, коммуникациялар жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборун юридикалык жактан кайра түзүү боюнча кырдаал каралды.

Жыйында шаардык саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башчысы Айбек Ибраимов борбордун айланасындагы азыркы кырдаал боюнча маалымат берди.

Ибраимовдун айтымында, мэрияга караштуу Бишкек шаардык Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борбору 2004-жылдын март айында муниципалитет менен Бишкек шаардык кеңешинин биргелешкен токтому менен түзүлгөн. Андан кийин 2017-жылдын май айына чейин эч кандай өзгөрүүсүз болгон (ред.: жетекчилик да, позиция да өзгөргөн эмес).

2017-жылы ошол учурдагы саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев ошол учурдагы мэр Албек Ибраимов менен биргеликте келишимге кол коюшкан. Ал эми мэрия өз кезегинде бардык уюштуруу укуктарын Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүп берет деп макулдашышкан. Келишим 2017-жылдын 10-майында түзүлгөн. Бул Саламаттыкты сактоо министрлиги, мэрия жана шаардык кеңештин ортосундагы үч тараптуу келишим. Бирок ага мэр менен министр гана кол коюшкан.

Жыйында шаардык депутаттар тарабынан бүгүнкү күндө Саламаттыкты сактоо министрлиги шаардык кеңештин макулдашуусу жок эле шаардык Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборун кайра уюштуруу чечимин бир тараптуу кабыл алуусу мыйзам бузуп жаткандыгы айтылды.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкек шаарындагы Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборун кайра түзүү боюнча иштер жүрүп жатканын айткан.

Бишкек мэриясы Травматология, ортопедия жана илим изилдөө борборунун ишмердүүлүгүн Саламаттыкты сактоо министрлиги чечерин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mubarak
2022-02-10 21:17:37
Ошондо дагы эмне болуп жатат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан