ИИМ өздөрүн жогорку кызматтагы адамдар катары тааныштырып, алдап жүргөн адамдарды кармады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын кыш айында укук коргоо органдары телефон алдамчылыгы фактысы боюнча иликтөөлөрүн жүргүзө баштаган.
Кызматтык орундардан жогорулатуу шылтоосу менен ал ар кандай жооптуу кызматтагы адамдарга чалып жүргөн. Бир жолу ал министрликтердин биринин кабылдамасына чалып, өзүн “мамлекеттик органдардын аппаратынын” кызматкери катары тааныштырып, аны менен байланышуусун талап кылган. Кылмышкердин мындай ыкмасы көп учурда иштеп, аларга кайра чалып жүрүшкөн. Андан соң телефон менен сүйлөшүүдө “жогорку кызматтагы адамдан” маселени чечүү үчүн жардам берүүнү суранган. Бирок башында алдамчылардын кылтагына илинип калганын эч ким түшүнгөн эмес.
Жабырлануучу кийинчерээк арыз менен ички иштер органдарына кайрылган.
Телефон алдамчылыгына шектүүнүн аты-жөнү такталган. Ал Жазаларды аткаруу кызматынын мекемелеринин биринде жазасын өтөп жаткан, мурда алдамчылык үчүн 5 жолу соттолгон 1987-жылы туулган К.Т. болуп чыккан.
Ошондой эле ал ушул жылдын январь айында өзүн “жогорку кызматтагы адамдын” ишенимдүү адамы катары тааныштырып, Бишкек шаарынын жашоочусуна чалып, кызматтык орундардан жогорулатууга сөз берип, бир иш-чарага чакырып, электрондук капчыкка 20 миң сом акча каражатын которууну суранган. Текшерүү учурунда эч кандай иш-чара уюштурулбаганы белгилүү болгон.