
Ош шаарынын 2022-жылга бюджети 1 миллиард 600 миллион 510 миң сом деп бекитилди. Бул тууралуу шаардык кеңештин жыйынында кабыл алынганын мэриядан билдиришти.
Жыйынга Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, мекеме-ишканалардын жетекчилери, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.
Белгилей кетсек, 2022-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн көлөмү (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 2021-жылдын бюджетине салыштырмалуу 242 миллион 810 миң сомго көп болду.