Талас облусунда азыркы күндө 114 мектеп болсо, анын 20сынын абалы оор. Тактап айтканда, эскилиги жетип, кулап калуу абалында десек
да болот. Өзгөчө Кара-Буура районундагы Молдо Асан айылында жайгашкан
Б.Шамратбеков атындагы орто мектеп окууга жараксыз кейипте. Окуучулар да,
мугалимдер да качан кулап түшүп, басып калат деген коркунучтун алдында күн өткөрүшүүдө.