Бүгүн, 10-февралда Нарын шаарында жайгашкан “Нарын-Текстиль” тигүү цехинин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Нарын мэриясынан билдиришти.
Ачылыш аземине президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.Сапаров, Нарын шаарынын биринчи вице-мэри М.Жунусов, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы А.Молдосалиев, депутаттар жана жергиликтүү тургундар катышты.
Азыркы учурда тигүү цехинде 50 жумушчу иш орду менен камсыз болду. Келечекте ишкананы чоңойтуп, 500 жумуш орун менен камсыз кылуу план бар экени баса белгиленди.
Нарын шаардык мэриясынын колдоосу менен 4-5 айдын ичинде 500 орундуу тигүү цехи курулмакчы.
"Жер маселесин чечүүдө, ижара акысынан бошотуу, документтерди бүтүрүүгө жардам берүүгө даярбыз. Жеңил өнөр-жайын өнүктүрүүдө ишкерлерге колдоо көрсөтүшүбүз зарыл", - деген биринчи вице-мэр.