Бишкекте тоноого шектелип 43 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, 7-февралда райондук милицияга Ж.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 6-февраль күнү болжол менен саат 12:20 чамасында "Ош базарынын" аймагында белгисиз жаран 118 миң сомдук IPhone 13 pro max үлгүсүндөгү уюлдук телефонун алып, белгисиз тарапка изин жашырып кеткенин жазган.
Аталган факты Ленин РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, "тоноо" фактысы менен кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектелген 1979-жылы туулган жарандын аты-жөнү такталып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Ленин райондук соту тарабынан СИЗО-1ге 15 күндүк мөөнөткө кармоо менен камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы колдонулган.
Азыркы учурда тергөө иштери жүрүүдө.