"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов 2 айга камакка алынды

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов УКМКнын тергөө изоляторуна 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, активист 26-мартка чейин камакта калтырылды.

Маалымат үчүн:

8-февралда SUPER.KG порталына өздүк булактар "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов кармалганын маалымдаган. 9-февралда УКМК Мирлан Ураимов эмне себептен кармалгандыгы боюнча түшүндүрмө берген. Ал 48 саатка камакка алынган.

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров Мирлан Ураимовдун кармалышы боюнча пикирин билдирген болчу. Башкы прокурор Курманкул Зулушев Мирлан Ураимовдун ишин прокуратура эми карап баштарын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Azat-123
2022-02-11 04:24:48
Сонун жаңылык
-4
Dembele84
2022-02-11 06:12:01
Azat-123,Бок баш!
-1
Spb
2022-02-11 09:13:43
Бизде баардык еле депутатар камалып чыгып зек болмой болдуго даже президентен бери
+1
Toxa76
2022-02-11 11:49:52
Кармалып чыкса курсу которулот
-1
nargiz-sa
2022-02-11 15:00:01
Бул күндөр өтөт өмүр бою кала тургандай жолунан чыкканын тазалап отуруп кала алышпайт
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан