Өлкөнүн бардык дарыканаларында коронавирусту аныктоочу экспресс тесттер сатыкка коюлат

Өлкөнүн бардык жарандарына COVID-19 илдетин өз алдынча аныктоо эми жеткиликтүү болот. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бардык дарыканаларда экспресс-тесттер сатыкка коюлат.

Белгилүү болгондой, Түркияда өндүрүлгөн коронавирусту аныктоочу экспресс-тест өлкөнүн бардык дарыканаларында сатыла баштайт. Кардарлар үчүн акыркы бааларды дарыканалар өздөрү белгилейт.

Илдетти тез аныктоочу тесттер коронавирустун антигенин жана анын протеиндерин аныктоого багытталган жана бейтаптын биологиялык материалы колдонулган тест тилкелери менен көрсөтүлөт. Илдетти аныктоо 15 мүнөттөн ашык эмес убакытты талап кылат, натыйжасы беш мүнөттүн ичинде чыгарылат.

COVID-19 инфекциясын өз алдынча аныктоо расмий деп эсептелбейт, бирок иммундук статуска өзүн өзү көзөмөлдөөгө ылайыктуу экени айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан