Атасы урушуп койгондон кийин үйүнөн чыгып кеткен. Ноокенде дайынсыз болуп жаткан өспүрүм табылды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда дайынсыз болуп жаткан өспүрүм табылып, ата-энесине өткөрүлдү. Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, 15 жаштагы Исламбек атасы урушканы үчүн үйүнөн чыгып кеткен.
Белгилүү болгондой, Ноокен районунун Ихтиер Юлдашев аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда арыз ээси 4-февралдан бери 15 жаштагы уулу Исламбек үйүнөн мектепке чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгонун билдирип, аны табууга көмөк көрсөтүүнү суранган.
"Милиция кызматкерлери ыкчам издөө иштеринин натыйжасында Исламбекти Таш-Көмүр шаарында ата-энесинен жашынып жүргөн жеринен табышты.
Исламбек ата-энесинин катышуусунда берген көрсөтмөсүндө, 4-февралда үйүнөн мектепке кеттим деп чыгып кеткенин белгилеген. Буга атасынын урушуп койгону себеп болгон. Үйүнөн чыгып кеткенден кийин Таш-Көмүр шаарында соода-сатык дүкөндөрдө ар кандай жумуштарды жасап, өзүнүн курсагын тойгузуп, ата-энесинен жашынып жүргөндүгүн билдирген", - дешти маалымат кызматынан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан