Бүгүн, 11-февралга карата COVID-19 илдетинен дагы 3 бейтап каза болду. Саламаттыкты сактоо министрлигинин статистикалык маалыматына ылайык, каза болгондордун бирөө Баткенде, экөө Бишкекте катталды.
Маалыматта каза болгон бейтаптар эмдөөдөн өтпөгөнү айтылат.
Кыргыз өлкөсүндө коронавирус илдети катталгандан тарта жалпы 2920 киши көз жумду.