Ошто 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Ошто 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-февраль күнү саат 14:44тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Алай районунун Сары-Таш, Арча-Булак айылдарында 4 балл, Сары-Могол, Кара-Киндик, Бор-Дөбө, Талды-Суу, Ак-Босого, Кызыл-Алай, Кичи-Каракол айылдарында 3 балл, Сопу-Коргон, Жерге-Тал, Көлдүк, Чий-Талаа айылдарында 2,5 балл, Чоң-Алай районунун Чоң-Каракол айылында 3 балл, Кара-Кабак, Кара-Кыр, Кашка-Суу айылдарында 2,5 балл, Кара-Суу районунун Кожокелең айылында 3 балл, Араван районунун Кичи-Алай жана Чөгөн айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан