Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине чыккан "Төө-Ашуу" ашуусуна мазут төгүлгөнү боюнча маалымат чыккан. Буга байланыштуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жеринде текшерүү жүргүзүп, мазут төгүлгөнүн аныктады. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашат.
"Министрликтин кызматкерлери жерине барып айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды эсептеп, тоонун бетине төгүлгөн мунай заты 928 чарчы метр жана жолдун жээгинде 460 чарчы метр төгүлгөнү, жалпы келтирилген зыян 33 миң 74 сомду түзгөндүгүн аныкташты.
Төгүлгөн мазутту тазалоо үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй аймактык башкармалыгына жана Жайыл райондук администрациясына каттар жөнөтүлгөн. Учурда тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте тазалоо иштери боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Эртең, 12-февралда жеринде тазалоо иштери пландалууда", - деп айтылат билдирүүдө.