
Кыргыз балбандары Түркиянын Стамбул шаарында өтө турган беделдүү Yasar Dogu эл аралык турнирине катышат. Бул тууралуу Бириккен күрөш уюмунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган турнир 24-27-февраль күндөрү өтөт.
Анда кыз-келиндер арасында Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы коргойт. Ал эми эркектер арасындагы эркин күрөштө Эрназар Акматалиев менен Улукбек Жолдошбеков күч сынашат.