Кадамжайда дайынсыз жоголгон 13 жаштагы бала табылды

Кадамжай районунун аймагында балдар иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери мектеп рэкетчилигин болтурбоо максатында профилактикалык иштерди уюштурду. Бул тууралуу Баткен ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, район аймагында жайгашкан жалпы 84 билим берүү мекемелеринде билим алып жаткан жаш өспүрүмдөргө кылмыштуулуктун алдын алуу, баңгизаттарын колдонбоо, укук бузууларга жол бербөө багытында ар кандай лекцияларды окушуп, окуучулар менен баарлашты.

Лидер” иш-чарасы район аймагында 3 күн жүрүп, жыйынтыгында саат 22:00дөн кийин ата-энесинин коштоосуз жалгыз көчөдө максатсыз жүргөн 7 бала, 2 мектеп окуучусунун тамеки тарткандыгы аныкталды. Аларга Укук бузуулар кодексинин негизинде протоколдор толтурулду. Ошондой эле мурда катталган 2 уурулуктун бети ачылды. Көтөрмө айыл аймагынын тургуну 13 жаштагы А.И. 8-февралдан бери дайынсыз болуп жаткан, 10-февраль күнү Ош облусунун Ноокат районунан табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан