Милиция кызматкерлери Түркиянын эксперттери менен биргеликте машыгуудан өтүштү

Милиция кызматкерлери Түркиянын Ички иштер министрлигинин эксперттери менен биргеликте машыгуудан өтүштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 31-январдан 10-февралга чейин ИИМдин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун базасында милиция кызматкерлерине Түркиянын Ички иштер министрлигинин эксперттери тактикалык окуу-машыгууларды өткөрүштү. Эки мамлекеттин Ички иштер министрликтеринин жетекчилеринин эки тараптуу макулдашууларынын негизинде массалык башаламандыкты токтотууга, коомдук коопсуздукту, тартипти сактоого багытталган тактикалык иш-чараларды алып барууну үйрөтүү боюнча тактикалык окуу-машыгуулар уюштурулду. Мындай макулдашуунун негизинде ѳткѳрүлүп жаткан машыгуулар ички иштер органдарынын кызматкерлеринин алдына коюлган тапшырманы өз убагында туура, так, кынтыксыз аткаруусунда кѳмѳк болуп, ишмердүүлүгүн жогорулатууга жардам берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан