Бишкектеги жүргүнчү ташуучу автотранспорттук ишканада коррупциялык схемалар аныкталды

Бишкектеги жүргүнчү ташуучу автотранспорттук ишканада коррупциялык схемалар аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коррупциялык схемаларды демонтаждоо максатында борбор калаанын мэриясы Коопсуздук кеңеши менен биргеликте коррупциялык иштердин тизмесин иштеп чыкты. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуу ишканасынын жооптуу кызматкерлери кассадан 5 миллион сомдон ашык акчаны өздөштүрүп алганы аныкталды. Алар жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустардын айдоочуларынан түшкөн акчаны ишкананын кассасынан системалуу түрдө чыгарып алуунун жана өзүнө алуунун схемасын уюштурушкан. Материалдар баа берүү жана кошумча иликтөө үчүн укук коргоо органдарына берилди.

Ушундай эле текшерүүлөр башка түзүмдүк бөлүмдөрдө да жүргүзүлөт. Коррупция фактылары аныкталса, материалдар да укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан