Чүйдө кыздар менен балдардын телефонун жана акчасын күч колдонуп тартып алганга шектелгендер кармалды

Чүйдүн Аламүдүн районунда тоноочулук фактысына шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 8-февраль күнү Аламүдүн РИИБине бир нече жарандар кайрылышкан. Анда 8-февралга караган түнү болжол менен саат 02:30 чамаларында Таштар-Ата айылындагы панорамада жүргөн балдар менен кыздарды белгисиз жарандар коркутуп, алардын эки телефонун жана 10 миң сом акчасын алып, белгисиз тарапка из жашырып кетишкен.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип 1992-жылы туулган Т.Ж., 1993-жылы туулган А.У., 1988-жылы туулган Ж.Т. жана 1989-жылы туулган О.А. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
XATSAN125
2022-02-11 18:47:22
Туру суук иттер сскей колдорунан бок келбесе кылаар иши ушул да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан