Бүгүн, 11-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8 миллиард 700 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 143 метр куб, агып чыгышы 537 метр кубду түзүүдө.
Былтыр, 2021-жылдын 11-февралында Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 миллиард 217 миллион метр кубду түзгөн.