Лампочкалардын 40ка жакын түрү чыгарылат. Жалал-Абаддагы Майлуу-Суу заводунун иши жанданды

Жалал-Абаддагы ири Майлуу-Суу лампа заводунун иши кайра жанданды. Бул туурасында президенттин аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Аталган жайга президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев барып, ишмердүүлүгү жана көйгөйлөрү менен жеринен таанышып чыкты.
"Азыркы учурда Майлуу-Суу лампа заводунун жалпы мүмкүнчүлүгүнөн 30 пайыздык жумуш аткарылып жатат. Бул жайдын башкы маселеси өндүрүлгөн лампаларды сатуудагы кыйынчылыктар экени белгиленди. Мындан улам жумушчулардын жана өндүрүштүн ыргагы басаңдаган.
Облус башчысы ири заводду натыйжалуу пайдалануу керектигин айтты. Алдыда Майлуу-Суу лампаларын мамлекеттик мекемелерге сатууну жолго коюу демилгеси министрлер кабинетине сунушталарын билдирди. Бул шаар калкынын басымдуу бөлүгүн жумуш менен камсыздаган заводдун ишин жандантуу жана ата мекендик өндүрүштү колдоо аракети экенин айтты.
Майлуу-Суу лампа заводунун курулушу 1964-жылы башталган. Ал эми 1967-жылы алгачкы өндүрүмүн чыгара баштаса, 1974-жылы 1 миллиард электр лампаларын өндүрүүгө жетишкен.
Азыркы учурда жогорку сапаттагы электр лампочкаларынын 40ка жакын түрү чыгарылып, 350 кызматкер эмгектенет. Завод 2021-жылы 62 миллион 500 миң даана лампа даярдаган", - дешет мекемеден.
Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында 26 миңдей калк жашайт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Tyttty1990
2022-02-11 16:13:11
Лампа болсо керек лампочка эмес. Же токлампа
+1
Sakubek
2022-02-11 17:55:26
Мындай лампочка азыр эч ким колдонбойт. Матовый ак чыгарбайсыңарбы
-3
Asmat84
2022-02-11 21:20:51
Sakubek,сен колдонбосон башкалар колдонобуз
+1
Rifle_I
2022-02-12 03:04:40
Бул заводдун иштегени Кыргызстандын экономикасы үчүн чоң зыян. Лампа накаливания азыркы учурда чоң чыгымга алып келет. Экспорттоо мүмкүн эмес.

Бир колго алып сведиод же башка энергия сарамжалдуу лампаларды чыгарууга модернизация кылыш керек. Бул замандын талабы жана туура кадам болот. Акчаны аяган менен бул лампочкаларды алган адамдар электр энергияга, мамлекет энергияны генерациясынан чыгымга учурайт.
0
Rifle_I
2022-02-12 03:05:19
Тарых тарых боюнча калыш керек. Ал эми технология замандын талабына жараша өзгөрүш керек.
0
Nursul
2022-02-12 10:48:41
Сапатына да көңүл буруп койгула да лампочка алып салганынан күйүп кеткени эрте болуп калды акыркы чыгаргандары. 150 волттогу лампочкасы кичирейгенден кичирейип эле баратат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан