Нургүл Бакирова 5 жылдык мөөнөткө Жогорку Соттун төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жогорку Соттун судьясы Нургүл Бакирова 5 жылдык мөөнөткө Жогорку соттун төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Аталган жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Эскерте кетсек, 2-февралда Нургүл Бакирова президенти Садыр Жапаровдун буйругу менен Жогорку Соттун төрайымы кызматынан бошотулган.