Нурлан Мусаев Жогорку Соттун төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү документке президент Садыр Жапаров кол койду.
Жогорку Соттун судьясы Нурлан Мусаев 5 жылдык мөөнөткө Жогорку Соттун төрагасынын орун басары болуп дайындалды.