Маршруттук таксилер бетме-бет сүзүшкөн кырсык: Ооруканада канча бейтап калганы белгилүү болду

Январь айында Бишкекте №130 жана №193 маршруттук таксилер бетме-бет сүзүшүп, анын кесепетинен 18 адам ооруканага кайрылган. Анын ичинен 3 бейтап шаардык клиникалык Тез жардам ооруканасында (Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору) дарыланып жатышкан. Бүгүнкү күнгө карата ооруканада 1 эле бейтап калганын аталган оорукананын маалымат кызматынан кабарлашат.

"Автокырсыктын кесепетинен жаракат алып ооруканага кайрылгандардын ичинен 1 эле бейтап калды. Ага операция жасалат", - дешти маалымат кызматынан.

Эске салсак, 26-январда Элебесов менен Арал көчөлөрүнүн кесилишинен №130 менен №193 кичи автобустар сүзүшкөн. Анын кесепетинен 18 адам жабыркап, 17 киши Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилет. Анын ичинен 6 бейтап ооруканага жаткырылып, калгандары амбулатордук дарыланууга жиберилген. Дагы 1 жабырлануучу Улуттук госпиталга кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан