Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп Мирлан Байгончоков дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мындай чечим министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда экономиканы өнүктүрүү жана кирешелерди көбөйтүү, жергиликтүү бюджеттин резервдерин аныктоо боюнча милдеттер коюлган Бишкек мэриясынын коллегиясынын жыйынтыгында кабыл алынган.
Буга чейин аталган кызматты аркалап келген Максатбек Сазыкулов Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба жана санариптештирүү боюнча вице-мэри болуп дайындалды.