Социалдык тармактар аркылуу жарнама кылып, сойкулук менен алектенген. Жалал-Абадда эки кыз кармалды

Жалал-Абадда социалдык тармактар аркылуу жарнама кылып, сойкулук менен алектенгендер аныкталды. Мындай маалымат облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан белгилүү болду.
Маалым болгондой, Жалал-Абад ШИИБине А. аттуу жаран сойкулук менен алектенип, ыплас аракеттерге көмөктөшүп, сутенёрдук кылуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруп жатат деген маалымат келип түшкөн. Бул факты боюнча топтолгон материал 160-берене (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.
"Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында интернет жана социалдык тармактар аркылуу жарнама кылып сойкулук менен алектенип жүргөн кыздар аныкталган.
Алар Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин батирин ижарага алып, иштеп жүрүшкөндүгү белгилүү болгон. Ал жайга тинтүү жүргүзүлүп, Чүй облусунун 21 жаштагы К.М. аттуу тургуну жана Ысык-Көл облусунун 20 жаштагы Ж.Н. аттуу тургуну сойкулук менен иштеп жаткандыгы аныкталды. Тинтүү учурунда 2 миң сом жана 1 куту презерватив далил буюм катары алынды.
Учурда бул факты боюнча толук кандуу, объективдүү чара көрүү боюнча тергөө амалдары жүрүүдө", - дешти мекеменин маалымат кызматынан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
KaGaH
2022-02-11 19:02:53
Чачын жайган сулуу семиз кыздар,Айжандын жолун жолдоочулар
+4
Ala.too.456
2022-02-11 21:51:56
KaGaH, Алимбек94 тун суйгондору -деп кой
+2
KaGaH
2022-02-11 23:01:54
Ala.too.456,алимбек Айжан экөө бир
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан