
Эртең, 12-февралдан 16-февралга чейин өлкөдөгү ашууларда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Мындан тышкары Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-107-чакырымдарында жана Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-80, 90-94-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу) кар күрткүсү күтүлүүдө.
Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.