"Билем дебей, окуп коюңуз". Кышында унаа менен алыс жолго чыгуудагы негизги эрежелер

Кыш мезгилинде унаа менен жүрүүдө негизги эрежелерди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен эске салат.
Унаа менен узак сапарга чыгууда кылдаттык менен сапарга даярдануу жана бир нече жөнөкөй сунуштарды аткаруу керек:
* аба ырайын тактоо, эгер жагымсыз аба ырайы күтүлгөн болсо, сапарды кийинкиге калтыруу;
* унаанын техникалык абалын текшерүү;
* туугандарыңызга жана досторуңузга өзүңүздүн сапарыңыз жана бара турган жериңизге болжолдуу түрдө жетүү убактысы жөнүндө маалымдоо;
* жаныңызга байланыш каражаттарын, кубаттагыч жана запастык батарейкаларды алуу.
Унаада төмөнкү эрежелерди сактоо керек:
* жол эрежелерин жана белгиленген ылдамдыкты сактоо;
* пландаштырылбаган же авариялык учурда дүрбөлөңгө түшпөө!
Жол жүрүүдө ар кандай кырдаалга кабылган учурда:

Эскертүү үч бурчтугун орнотуу, кооптуу сигналдарды күйгүзүү, антеннага караңгыда жарык түс берүүчү чүпүрөктү илип коюу. Жолдон өтүп бара жаткан унаалардын айдоочуларынан жардам суроо, окуя тууралуу жана жайгашкан жерди "Тез жардам" кызматына билдирүү;

Бул жөнөкөй сунуштарды аткаруу менен өзүңүздүн жана жүргүнчүлөрдүн өмүрүн сактап каласыз!
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан