ИИМ: "Асынып каза болгон мушкер Манас Эркул уулу адам өлтүрүү беренесине шектелип издөөдө жүргөн"

Асынып каза болгон мушкер Манас Эркул уулу адам өлтүрүү беренесине шектелип издөөдө жүргөн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

"2019-жылдын 23-октябрь күнү “Манас” аэропортунун бекер унаа токтотуучу жайында токтоп турган Хонда-Торнео унаанын багажынан Чүй облусунун 1980-жылы туулган тургуну Хусан Каримовдун өлүгү табылган. Ал жүргүнчүлөрдү ташуудан сырткары бандероль ташып иштечү. Ушул эле күндүн таңында милицияга арыз менен Комсомол айылынын жашоочусу кайрылып, агасы 2019-жылдын 22-октябрь күнү үйүнөн чыгып, аэропорт тарапка кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Бул кылмыш ишинин бетин ачуу үчүн ИИМдин, Чүй ОИИББинин кызматкерлеринен турган ыкчам тергөө тобу түзүлүп, тергөө амалдары менен ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн. Бул кылмыш ишине шектүү катары уурдоо, зордуктоо, каракчылык үчүн бир нече жолу соттолгон Чүй облусунун тургуну, 1992-жылы туулган Б.Ч. аткезчилик жана баңги заттарды сактоо үчүн бир нече жолу соттолгон Ош облусунун 1987-жылы туулган тургуну И.А. кармалган. Экөө тең жатак абагында жазасын өтөп жүрүшкөн.

Киши өлтүрүү үчүн кармалган жарандардан таксисттин жанындагы 100 миң долларынан ашык уурдалган акча каражаты табылган. Жогорудагы кылмыш ишин жасагандыгы үчүн азыркы учурда каракчылык, бейбаштык, мүлктү атайылап жок кылуу үчүн мурда соттолгон Ош шаарынын 1991-жылы туулган тургуну Мамарасул уулу Акжол издөөдө жүрөт. Ыкчам маалымат боюнча, ал учурда Орусиянын аймагында изин жашырууда. Ошондой эле бул кылмыш ишине тиешеси бар делинип 1992-жылы туулган Манас Эркул уулуна дагы издөө жарыяланган", - деп жазылат маалыматта.

Мушкер 16-январь күнү асынган. Анда ал Алайдан Ош шаарындагы туугандарынын үйүнө келип, алар бир жакка чыгып кеткенде дааратканага барып асынып алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
sirgak_92
2022-02-12 13:45:10
Райымдын кылык былыктары
+3
Tyttty1990
2022-02-12 14:49:35
sirgak_92,причем бул жерде Раим?
Бул выскочкалар не поделили прибыль. Общака доля таштаган эмес
-1
bond02
2022-02-12 15:50:22
Бироого ор казсан кен каз деп бекер айтылбаган экен.
+2
Kyrghyzkyzy
2022-02-12 16:53:34
Кандайча издоодо болот,эгерде Алайда эле жургон болсо.
+3
BISHKEK-312
2022-02-12 19:19:21
Дааратканада өлгөндөн Кудай сактасын!!!
+2
Tatu_8889
2022-02-13 02:25:53
Кан уктатпайт деген ушу да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан