Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбековго козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, кылмыш иши Жазык жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу токтотулган. Чечимди бүгүн, 11-февралда Свердлов райондук соту чыгарган.
Эске салсак, Акбөкөн Таштанбеков УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени маалымдалган. Ага карата улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча иш козголгон.
Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштанбековго ырастама жана төш белги тапшырылган.
10-январда ал үй камагына чыккан.
SUPER.KG порталына ал ага коюлган айыптар тууралуу айтып берген. Көп өтпөй үй камагына чыккан депутат Акбөкөн Таштанбеков Жогорку Кеңеште ант берген.