Бишкектин Свердлов РИИБинен борбор калаада 25 жаштагы жигит каракчылыкка шектелип кармалганын билдиришти.
Маалыматка таянсак, Бишкектин тургуну М.Р. белгисиз адамга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда ушул жылдын 23-январында саат 22:50 чамасында жабырлануучунун үйүнө кирип, жыгач буюм менен бир нече жолу чаап, Redmi үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алып, андан соң белгисиз тарапка изин жашырып кеткенин айткан.
Аталган факты Свердлов РИИБинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, "каракчылык" фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1996-жылы туулган жаран кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө улантылууда.