Индиянын Удайпур шаарында белгисиз адамдар тарабынан күчтөп кармалып турган кыргыз кызы мекенине кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
ТИМдин маалыматына таянсак, 2021-жылдын декабрь айында Удайпур шаарында 2000-жылы туулган Кыргыз жараны белгисиз адамдар тарабынан күчтөп кармалып турганын министрликтин ишеним телефонуна билдирген.
Элчиликтин өз убагында көрсөткөн иш-аракеттеринин жыйынтыгында, Удайпур шаарынын полициясы Кыргыз жаранын издөөгө алып, аны бошотуу операциясын жүргүзгөн.
Аталган жаран элчиликке келгенден кийин Индияга жаңы жылдын алдында таанышынын чакыруусу менен жергиликтүү мейманканага техникалык кызматкер болуп иштөө үчүн келгенин айткан. Алгач жаран таанышы менен жашап, андан кийин Делиден 657 чакырым алыстыктагы Удайпурга жөнөтүлгөн. Ал ошол учурдан тартып эч кандай түшүндүрмөсүз мажбурлап камакка алынган, ошондой эле документтери алынган.
Ал 2021-жылдын 30-декабрынан тартып 2022-жылдын 9-январына чейин элчиликтин көзөмөлүндө болуп, андан соң Дели-Бишкек каттамы менен мекенине кайтарылган.