Баткенде милиция кызматкерлери ата-энелерге интернеттин балдарга тийгизген терс таасири жөнүндө айтып беришти. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, жыйналышка райондогу дин өкүлдөрү, айыл өкмөттөрдөгү социалдык адистер катышып, онлайн оюндарынын терс таасирин, баланын ден соолугуна зыян алып келерин эскертишти.
Ошондой эле телефондогу адепсиз оюндар өспүрүмдөрдүн психологиясына терс таасирин тийгизип, кылмыштуулукка алып барарын түшүндүрүп беришти.
Милиция кызматкерлери ата-энелерге балага көбүрөөк убакыт ажыратып, алардын телефондорун, сабактарын текшерип турууну эскертишти. Балдарга карата зордук-зомбулуктарды жасаган ата-энелерге, жарандарга мыйзамда көрсөтүлгөн жоопкерчиликтер бар экенин белгилешти.