Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы «Кыргыз шампаны» жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин башчысы шарап жана арак продукциясын куюучу аппараттык цехти кыдырып чыгып, алкоголдук продукцияларды сактоонун шарттары жана технологиясы менен таанышты.
Маалым болгондой, бүгүнкү күндө комбинатта 35ке жакын кызматкер эмгектенет. Өндүрүш кубаттуулугун жогорулатуу пландаштырылууда, анда жумушчу орундарынын саны 100 адамга чейин көбөйөт.
Жапаров белгилегендей, алкоголдук продукцияны өндүрүүдө кластердик механизмди колдонуу зарыл, мында ата мекендик өндүрүштөгү чийки зат жана ага тийиштүү продукция пайдаланылат.
"Министрлер кабинетинин негизги максаты – бизнести көмүскөдөн алып чыгып, контрабанданы толугу менен жок кылуу. Күч-аракетибизди бириктирүү менен гана коюлган максатыбызга жете алабыз", - деген Акылбек Жапаров.