Бүгүн, 11-февраль күнү Бишкек шаарындагы Касымалы Баялинов атындагы китепканада "Кыргызстандын эң мыкты 100 окуучусу" сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Аталган сынакка өлкөнүн жети дубанынан 300дөй окуучу катышып, жыйынтыгында 100 окуучу суурулуп чыккан. Жеңүүчү аталган окуучулар I, II жана III даражадагы диплом, күбөлүк жана төш белги менен сыйланышты.
Ал эми үчүнчү ирет бул наамды алып жаткан бир туугандар Нурсулуу Азаматова жана Нураман Азаматов окуудагы жетишкендиктери тууралуу айтып, сезимдери менен бөлүштү.
"Биз экөөбүз тең окуу менен катар 6 жашыбыздан тарта спортто да ийгиликтерди жаратып келебиз. Тагыраагы, бирибиз спорттун таэквондо түрү менен машыгып, Беларустан 3-орунду алсак, бирибиз Актөбө, Москва жана Өзбекстандын шаарларына барып, байгелүү орундарга илиндик. Буга чейин II, III даражадагы диплом, төш белгилерди алганбыз. Бул ирет I даражадагы сыйлыктарды алып жатканыбызга байланыштуу бир аз толкундануу болду. Мындай наамга ээ болуу бизге шыктануу берет", - дешти бир туугандар.
Ал эми Нурсулуу менен Нурамандын апасы Сайрагүл Жумалиева балдарынын ийгилиги менен сыймыктанып, кубанычы коюнуна батпай отурган кези.
"Балдарым сыйлык алып жатканда аябай толкундандым. Өзүмдү бактылуу сезип, адамдар, ал гана эмес жаратылыш да кооз көрүнүп кетти. Сүйүнүчүмдө чек жок. Сыйлык балдарымдыкы, ал эми сыймык элдики. Кудайыма шүгүр", - деген пикирин билдирди Сайрагүл Жумалиева.